# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39874/edition/29553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" токтому (26.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024620

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-марты № 152

Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө

“Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;

3) баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун өлчөмдөрүн аныктоо критерийлери жана алардын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын

12-октябрындагы № 753 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

3-сентябрындагы № 558 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

18-февралдагы № 54 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

21-январдагы № 22 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

30-сентябрдагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

23-июнундагы № 400 “Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

4-декабрындагы № 831 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

13-июнундагы № 362 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын

19-ноябрындагы № 535 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын

4-сентябрындагы № 469 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
