# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-марты № 141 "Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-марты № 141 "Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39806/edition/29437/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-марты № 141 "Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024518

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-марты № 141

Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарга мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү формаларында бир түрдүүлүктү жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобонун ченемдерин ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрүү;

2) “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарда колдонууну кеңейтүүгө багытталган чараларды көрүү;

3) мамлекеттик органдар жана уюмдар менен маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) өзүнүн ведомстволук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү;

2) кабыл алынган сот чечимдери жана кылмыштар жөнүндө кылмыш иштеринин кыймылы тууралуу маалымат алмашуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.

4. Кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам издөө жана алгачкы текшерүү ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эки айлык мөөнөттө:

1) өздөрүнүн ведомстволук актыларын (нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башкаларды), чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын ишке тартылган мамлекеттик органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;

2) бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон эсепке алуу китептерин, журналдарды жана башка бланктык продукцияларды даярдоо кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү, ошондой эле ыкчам издөө жана алгачкы текшерүү ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укукту мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 602 “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 23 (3679) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
