Алтын-Бешик айылдык кенешинин «Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Алтын-бешик айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылы 24-марты №32
Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы № 19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик админисрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- беренесинин 4- пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабындагы №662 токтомуна ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 07.02.2025-жылдын 024/25/03-6/95 сандуу чыгыш катын негизинде жана Баткен райондук Салык кызматынын кызматкери Ж.Эргешовтун баяндамасын угуп жана талкуулап,
Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №19 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.
2. Мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерлерге 100 сом болуп бекитилсин.
3. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө , тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1- майына чейин деп белгиленсин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу баюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1- октябрына чейин деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым:
А.Матраимова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №19 "Алтын-Бешик айыл аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмун 2025-жылга бекитүү жөнүндө" токтому.Постановление · 19.02.2025 · № 19