# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2924-VII
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16332/edition/29365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө" токтому (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024467

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-марты № 2924-VII

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Конуров Бахадыр Арунович шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун тогузунчу абзацында “Гайпкулов Искандер Торобаевич” деген сөздөр “Конуров Бахадыр Арунович” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
