Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-марты № 137
Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Акыл-эсинин жана дене-боюнун өнүгүүсү бузулган балдарды, ошондой эле ар кандай оор дарттар менен ооруган балдарды мектептик билим берүү менен камтууну көбөйтүү, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө ЖОБОПоложение · 19.03.2025 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 токтому менен бекитилген "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо"Положение · 15.10.2018 · № 477 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.10.2018 · № 477 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 15.10.2018 · № 477 · Күчүн жоготкон