# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 "Тунгуч" онлайн-мектеби" пилоттук долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 "Тунгуч" онлайн-мектеби" пилоттук долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-608/edition/29214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 "Тунгуч" онлайн-мектеби" пилоттук долбоору жөнүндө" токтому (10.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-марты № 136

"Тунгуч" онлайн-мектеби" пилоттук долбоору жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)

Жарандардын бардык категориялары, анын ичинде географиялык жактан алыс болгондугуна, ден соолугунун абалына, дене боюнун же башка чектелүүлөргө байланыштуу билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, окутуунун санариптик технологияларын жана инновациялык методдорун киргизүү аркылуу билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана жагымдуулугун жогорулатуу, билим берүү системасында жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жана колдонууга дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык мектептик билим берүү үчүн 2025-2028-жылдарга пилоттук режимде мекеменин уюштуруу-укуктук формасында "Тунгуч" онлайн-мектеби - билим берүү уюму түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) иштөө мезгилине "Тунгуч" онлайн-мектебинин административдик-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналынын штаттык саны 2-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) "Тунгуч" онлайн-мектебинин кызматкерлерине жана окутуучуларына эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык жөнгө салынат;

2) "Тунгуч" онлайн-мектебинин кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына, кайрылмандарга, башка мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандарга санариптик билим берүү программаларын уюштуруу жана берүү үчүн кызматтык маянага/ставкага 100 пайыз өлчөмүндө үстөк колдонулат. Мында бул үстөктүн жалпы көлөмү кызматтык маянадан/эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш;

3) "Тунгуч" онлайн-мектебин каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:

1) "Тунгуч" онлайн-мектебинин иштөөсүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин;

2) "Тунгуч" онлайн-мектебин юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырсын;

3) "Тунгуч" онлайн-мектебине А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи интернатынын имаратынын бешинчи кабатында жайгашкан жайларын пайдаланууга берсин;

4) жалпы билим берүү уюмдарындагы кечки жана сырттан окуу формаларынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттарды "Тунгуч" онлайн-мектебинин педагогикалык кызматкерлерине, административдик-чарбалык, окуу-көмөкчү персоналына эмгек акы төлөөгө жумшасын;

5) "Тунгуч" онлайн-мектебинин педагогикалык кызматкерлерин ишке кабыл алууну Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн;

6) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 22 (3678) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

2-тиркеме

"Тунгуч" онлайн-мектебинин административдик-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналынын штаттык саны

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык саны

1

Директор

1

2

Директордун окуу иштери боюнча орун басары

1

3

Директордун техникалык иштер боюнча орун басары

1

4

Адис

11

5

Ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча адис

2

6

Онлайн билим берүү платформасынын системалык администратору

3

7

Методист

1

Бардыгы

20
