Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Түп айыл аймагынын айылдык кенешинин «Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө» Токтому
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын V – cессиясы
2025-жылдын 7-февралындагы №31
Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жер тилкесин берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана 27-беренсиинин 1-пунктуна ылайык жана КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №185-токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин планын жетекчилике Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын V – cессиясы токтом кылат:
Түп айылынын Мокоев көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашып, бузулуп
кеткен эски имараттын 0,08 га жер тилкесине жана кошумча маңдайындагы 0,04 га муниципалдык жер тилкесине ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) балдарды реабилитациялоо үчүн борбордун жаңы имаратын курууга жалпы 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Түп айыл өкмөтүнүн
башчысы Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.