Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 14-марты № 169-т
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
2) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө типтүү жобо 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин координациялоо боюнча ишти жогоруда аталган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык уюштурсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары - Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри - Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри - Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик автомобилдик инспекциясынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун төрагасы; "Независимый союз автомобилистов" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Жарандык союз" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 14.03.2025 · № 169-р
- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 169-т тескемесине)Типовое положение · 14.03.2025 · № 169-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52