# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 "Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 "Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39647/edition/29051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 "Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-марты № 122

Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- риелтордук иш;";

- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

"11) риелтордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.".

3. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына ушул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык риелтордук фирманын агенттерин окутуу жана аттестациядан өткөрүү боюнча жооптуу орган болуп чыгуу сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
