Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-марты № 122
Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- риелтордук иш;";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) риелтордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.".
3. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына ушул токтом менен бекитилген Тартипке ылайык риелтордук фирманын агенттерин окутуу жана аттестациядан өткөрүү боюнча жооптуу орган болуп чыгуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна)Положение · 15.11.2021 · № 250
- Риелтордук фирманын агентин окутуу жана аттестациядан өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 122 токтомуна)Порядок · 07.03.2025 · № 122
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндөЗакон · 23.03.2023 · № 64