# Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 13 "Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ" Токтому

- Толук аталышы: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 13 "Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39588/edition/28969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 13 "Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ" Токтому (14.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024154

---

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы

2025-жылдын 14-февралындагы № 13

Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Тосор айылынын тургуну Н.Сватухинге ижарага жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ№131 Жарлыгына ылайык, Тосор айылынын тургуну Н.Сватухиндин кайрылуусун карап, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Тосор айылындагы №4 контурундагы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги жеринен Тосор айылынын тургуну Н.Сватухингесаркынды сууларды тазалоочу курулма курууга 0,05 га жер тилкеси 10 жылдык мѳѳнѳт менен бѳлүнүп берилсин.

2. Ижарачы Н.Сватухиндин ижара мѳѳнѳтүн так сактоосун, ижара акысын убагында төлөшүн жана муниципалдык менчиктеги ижарага берилген жер тилкесин ѳз багытында пайдалануу жагын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.

4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊештин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага Ажыбеков Ч.А.
