# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230024153/edition/28965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (26.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 17-марты ПЖ № 91

Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПЖ № 258, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 , 2026-жылдын 27-мартындагы № 129, 2026-жылдын 3-августундагы № 271, 2026-жылдын 26-августундагы № 299 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Натыйжалуу башкарууну уюштуруу, туруктуу технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде жасалма интеллект технологиясын киргизүү, калктын жыргалчылыгы үчүн санариптик технологиялардын потенциалын максималдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген санариптик мамлекеттик башкаруунун учурдагы системасын кайра түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 299 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 299 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;”.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коомун (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзсүн;

2) “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткарууну жүктөсүн:

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;

– медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функцияларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесинин;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин;

3) медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функцияларды тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөсүн;

4) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдардын материалдык-техникалык базасын “Түндүк” ААКка белгиленген тартипте өткөрүп берсин;

5) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлерин “Түндүк” ААКка ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;

6) белгиленген тартипте төмөнкү уюмдарды жойсун:

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесин;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесин;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесин;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз берүүчү болуп саналат деп аныктасын:

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;

– Куралдуу Күчтөрдү, укук коргоо органдарын (ички иштер органдарын кошпогондо), прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;

– Бишкек шаарынын мэриясын;

8) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 129 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

9) биометрикалык маалыматтар жаатында саясатты иштеп чыгуу жана биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөсүн;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтер бөлүгүндө биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын техникалык оператору деп аныктасын;

11) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПЖ № 258, 2026-жылдын 27-мартындагы № 129, 2026-жылдын 3-августундагы № 271, 2026-жылдын 26-августундагы № 299 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин материалдык-техникалык базасын белгиленген тартипте “Түндүк” ААКка өткөрүп берсин;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесин белгиленген тартипте жойсун;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
