Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна)
Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) уставдык капиталында мамлекеттин үчтөн экиден кем эмес катышуу үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалар, уюмдар, мекемелер же чарбалык субъекттер (мындан ары - ишкана) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өз алдынча бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жер казынасын изилдөө боюнча программа ишкана тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет, андан кийин ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
3. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик эсепке алуу геологиялык отчеттордо, карталарда жана башка материалдарда камтылган жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды системалаштыруу, жалпылоо жана андан ары пайдалануу максатында жүргүзүлөт.
4. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоосуз жүргүзүүгө тыюу салынат.
2-глава. Мамлекеттик каттоого тийиш болгон жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштери
5. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иши жер казынасынын участогу жөнүндө жаңы геологиялык маалыматтарды алууга же колдо болгонунун көлөмүн көбөйтүү боюнча ишти билдирет.
Өз алдынча бекитилген программага ылайык жүргүзүлүүчү кен чыккан жерди изилдөөлөрдүн комплексин, ошондой эле тажрыйба-эксперименталдык иштерди камтыган илимий-изилдөө иштеринин тизмеги мамлекеттик каттоого тийиш:
1) экономикалык геология;
2) геоморфология;
3) экологиялык геология;
4) гидрогеология;
5) геохимия;
6) геофизика;
7) маркшейдерлик иш;
8) метаморфизм;
9) геодинамика;
10) геотектоника;
11) археология;
12) геохронология;
13) стратиграфия;
14) минералогия;
15) геомология;
16) тоо-кен геологиясы;
17) палеонтология;
18) мунай геологиясы;
19) петрология;
20) планеталык геология;
21) төртүнчүлүк геология;
22) седиментология;
23) сейсмология;
24) спелеология;
25) вулканология;
26) тарыхый геология;
27) инженердик геология;
28) деңиз геологиясы;
29) космогеология;
30) эл аралык геология;
31) кристаллография.
3-глава
Бекитилген программа боюнча жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин берүүнүн тартиби жана мамлекеттик каттоонун шарттары
6. Өз алдынча бекитилген программа боюнча жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин каттоо үчүн материалдарды ишканалар ыйгарым укуктуу органга берет.
Мында каттоо документтери кагаз жүзүндө жана/же электрондук форматта берилиши керек. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө же тажрыйба-эксперименталдык иштер өз алдынча бекитилген программага ылайык аныкталган көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иштер конкурстук жана аукциондук объекттерге тиешелүү болгон участоктордо, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укуктарынын менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен лицензиялык участоктордо жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо ушул Тартиптин 8-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, аны ишке ашыруунун бүткүл мезгилине бир жолу жүргүзүлөт. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштери өз алдынча бекитилген программага ылайык белгиленген мөөнөттө бүтпөгөн учурда ишкананын өтүнүчү боюнча мөөнөт ишти аткаруунун болжолдонгон датасына чейин узартылышы мүмкүн.
8. Эгерде илимий-изилдөө иши катталгандан кийин анын аталышы, максаттуу тапшырмасы, иштердин аянты же району, ошондой эле ишти аткарып жаткан ишкананын аталышы өзгөрсө, акыркысы 15 календардык күндүн ичинде илимий-изилдөө ишин мамлекеттик кайра каттоого берүүгө милдеттүү. Мындай учурда ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик каттоо документинин "Эскертүү" графасында "№ _____________ ордуна" деп көрсөтөт. Кайра катталган илимий-изилдөө иши жаңы каттоо номерине ээ болот, аны менен отчеттук материал ыйгарым укуктуу органга берилет.
9. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин каттоо максатында ишкана жетекчинин колу коюлган ишкананын бланкындагы өтүнмөнү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө милдеттүү (Ушул тартиптин 1-тиркемеси).
10. Өтүнмөгө төмөнкү материалдар тиркелет:
- ишкана тарабынан өз алдынча бекитилген жер казынасын изилдөө боюнча программа, ага ылайык илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт;
- каттоого материалдарды биринчи жолу берген ишканалар үчүн жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү укугун ырастоочу документтер (ишкананын уставынан көчүрмө);
- ишкана тарабынан жер укуктарынын ээсин жазуу жүзүндө кабарлоо же илимий-изилдөө иштери жүргүзүлө турган лицензиялык участоктордо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- бурчтук чекиттердин координаттары (1942-жылдагы Пулково географиялык координат системасында же 2006-жылдагы бирдиктүү мамлекеттик координат системасында - Kyrg-06) менен аныкталган аймактын контуру, катталуучу иштердин масштабы 1:200000 - 1:100000.
Геологиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык (анын ичинде мелиорациялоо максатында жүргүзүлүүчү) тартуу иштери үчүн тартуунун масштабы 1:100000 масштабындагы барактардын номенклатурасы боюнча берилет (1942-жылдагы Пулково географиялык координат системасында же 2006-жылдагы бирдиктүү мамлекеттик координат системасында - Kyrg-06), ал эми иштердин аянтынын чоңдугу квадраттык километр менен көрсөтүлөт. Эгерде иштердин районунун контуру 1:100000 масштабындагы толук эмес трапецияларды камтыса, кыйла чоңураак масштабдагы барактардын номенклатурасы (1:25000 чейин) көрсөтүлөт. Геофизикалык аянттык жана профилдик иштер үчүн 1:100000 масштабындагы изилдөөлөрдүн аянтынын барактарынын номенклатурасын (же жогоруда айтылгандай 1:25000 масштабына чейинки барактардын номенклатурасын), ошондой эле тартуунун масштабын (1942-жылдагы Пулково географиялык координат системасында же 2006-жылдагы бирдиктүү мамлекеттик координат системасында - Kyrg-06) жана аянтынын чоңдугун квадраттык километр менен көрсөтүү керек.
11. Каттоо документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы жана алардын туура таризделиши үчүн жоопкерчиликти ишкана тартат.
4-глава
Ыйгарым укуктуу органдын жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоого байланышкан укуктары жана милдеттери
12. Ишканалардан жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоого өтүнмө түшкөндө ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишканалардан мурда катталган иштердин жыйынтыгы боюнча геологиялык отчеттордун келип түшкөнүн текшерүүгө;
- каттоо документтерин толтуруунун толуктугун жана тартибин, анын ичинде жерге байланыштыруу үчүн зарыл болгон жалпы картаны текшерүүгө жана геологиялык тапшырманын шайкештигин текшерүүгө;
- иштер кайталанбаган жана жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн тартиби боюнча башка бузуулар жок болгон учурда 14 жумуш күндүн ичинде кароого жана каттоого берилген өз алдынча бекитилген программага мамлекеттик каттоо номерин ыйгарууга. Эгерде иш өзүнүн курамында гравиметрикалык изилдөөлөрдү камтыса, анда алар каттоого өзүнчө берилет жана бул учурда иш "Г" индекси менен мамлекеттик каттоо номерин алат;
- катталбаган иштерди жүргүзүү учурлары аныкталганда, бул жөнүндө экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдарга кабарлоого.
13. Ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган материалдар берилбеген учурда "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин каттоодон баш тартат.
14. Мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган каттоо документинде баш тартуунун себебин көрсөтөт жана бул жөнүндө 10 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине кабарлайт.
15. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун туура жүргүзүлүшүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги контролдойт.
5-глава. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий изилдөө иштеринин тизмесин каттоонун тартиби
16. Каттоо материалдарын бирдейлештирүү максатында жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштеринин тизмеги Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштеринин реестрине киргизилет жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- 2-графада иштин мамлекеттик каттоо номерлери коюлат;
- 3-графада ишти жүргүзүүгө өтүнмө берген ишкананын аталышы көрсөтүлөт;
- 4-графада каржылоо жүзөгө ашырылып жаткан программанын аталышы көрсөтүлөт;
- 5-графада иштин объектинин (темасынын) аталышы (кен чыккан жер, аянт, участок) жана пайдалуу кендин түрү көрсөтүлөт;
- 6-графада иштин объектинин административдик жактан жайгашкан жери (облус, район), тартуу иштери үчүн - аянттын географиялык координаттары көрсөтүлөт;
- 7 жана 8-графаларда иш башталуучу (квартал, жыл) (долбоордук-сметалык документтерди түзүү мөөнөттөрүн эсепке албастан) жана аяктоочу мөөнөттөр көрсөтүлөт;
- 9-графада ишти жүргүзүүнүн бүткүл мөөнөтүнө геологиялык тапшырма (программанын аталышына ылайык) баяндалат;
- 10-графада базалык же учурдагы бааларда иштин сметалык наркы көрсөтүлөт;
- 11-графада эскертүү менен максаттуу тапшырманын, иштердин аянтынын же районунун өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра катталууга тийиш болгон, мурда мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган өтмө иштер үчүн маалыматтар берилет (№ ___________ ордуна).
17. Мамлекеттик каттоо номери төмөнкүлөрдүн айкалышын билдирет: иштерди жүргүзүү башталган жылдын акыркы эки цифраларын (2023-24 ж.б.), Реестр боюнча каттоо документинин катар номерин (жыл сайын биринчи номерден баштап) жана иштин катар номерине ылайык келген иштин катар номерин.
18. Илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо жетекчинин колу менен ырасталат, ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана 14 жумуш күндүн ичинде ишканага жөнөтүлөт.
6-глава
Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун материалдарын жалпылоо жана системалаштыруу
19. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун материалдарын жалпылоо жана системалаштыруу максатында ыйгарым укуктуу орган:
- Реестрди, катталган иштердин, ошондой эле каттоодон баш тартылган иштердин эсебин жүргүзөт;
- жыл сайын катталган иштерге талдоо жүргүзөт жана анын негизинде катталган иштердин саны, алардын наркы, ишканалар, иштердин баскычтары жана түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү, ошондой эле ишти каттоодон баш тартуунун саны жана себептери жөнүндө маалыматтарды даярдайт.
Ыйгарым укуктуу орган ар бир календардык жылга өзүнчө Реестр ачат.
20. Талдоонун жыйынтыктары "Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо" бөлүмүндө жылдык отчеттун курамында таблица түрүндө таризделет.
7-глава. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик эсепке алуунун тартиби
21. Жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча алынган жер казынасы жөнүндө маалыматтар "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Мамлекеттик геология фондунда эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле системалаштыруу, кызыкдар юридикалык жана жеке жактар тарабынан андан ары пайдалануу үчүн магниттик алып жүрүүчүлөрдө тексттик жана графикалык маалыматтар базасын түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга акысыз негизде берилет.
Ыйгарым укуктуу орган түшкөн маалыматтын купуялуулугун камсыз кылат.
22. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалымат мамлекеттик менчик болуп саналат. Жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматка менчик укугу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте корголот.
23. Жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча отчеттор титулдук баракта иштерди мамлекеттик каттоодо аларга ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органга берилет.
24. Ыйгарым укуктуу орган жер казынасын изилдөө боюнча жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча берилген отчеттордун шайкештигин мазмунунун толуктугу боюнча да, техникалык таризделиши боюнча да текшерет жана алар шайкеш болгон учурда отчет берген ишканаларга аткарылган иш боюнча отчеттордун туруктуу сактоого кабыл алынганы жөнүндө билдирүүлөрдү берет.
25. Эгерде иштин процессинде аларды андан ары өндүрүүнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берүүчү анык маалыматтар алынса, ишкана каражаттардын негизсиз чыгымдалышына жол бербөө үчүн ишти токтотуу жана болгон жыйынтыктар боюнча протокол түзүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Көрсөтүлгөн чечим негизделет жана ишкананын илимий-техникалык кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү протокол менен таризделет. Протокол анын негизинде түзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге ыйгарым укуктуу органга берилет.
Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибине
1-тиркеме
№ ________________
____________________________________________________
20___-жылдын "___" _______________
(геология жана жер казынасын пайдалануу
____________________________________________________
жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча
____________________________________________________
ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Илимий-изилдөө иштерин каттоого ӨТҮНМӨ
_______________________________________________________________________
(ишкананын толук аталышы)
атынан ________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(программанын аталышы, изилдөө объекти, иштин максаты)
_______________________________________________________________________ __________________________________________ бекитилген программага ылайык жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоону өтүнөт илимий-изилдөө ишинин темасы __________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ Ишти жүргүзүү объекти ___________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ Иштер __________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ _____________________________________________________ алкагында жүргүзүлөт (программанын аталышы, чарбалык келишим, демилгелүү иш, келишимдик кат ж.б.) Ишти аткарууну баштоонун болжолдонгон мөөнөттөрү: _________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ Ишти аткарууну аяктоонун болжолдонгон мөөнөттөрү: _________________________ ________________________________________________________________________ Ишти аткарууну каржылоо булагы: __________________________________________ ________________________________________________________________________ Ишти аткарууга кеткен чыгымдарды төлөө мөөнөттөрү _________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
(изилдөөлөр аяктагандан кийин, квартал аяктагандан кийин,
жыл аяктагандан кийин алдын ала төлөм)
Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын колдонулушу ______________________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
Тиркемелер: Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибинин 10-пунктуна ылайык зарыл болгон документтер көрсөтүлөт.
_____________________ __________________ __________________________ (кызматы орду) (мөөрдүн орду, колу) (аты-жөнү)
Аткаруучу: ____________________________ Телефон: _____________________________
Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибине
2-тиркеме
Жер казынасынын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштеринин РЕЕСТРИ
№
Мамлекеттик каттоо номери
Ишкананын аталышы
Жер казынасын изилдөө боюнча программанын аталышы
Иштердин объектинин аталышы (тема) жана пайдалуу кендер
Иштердин объектинин жайгашкан жери (административдик абалы, аянттын географиялык координаттары)
Иштерди аткаруу мөөнөтү (квартал, жыл) Башталышы/аякташы
Геологиялык тапшырма
Базалык же учурдагы бааларда иштин сметалык наркы (миң сом)
Эскертүү
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
2
3
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 126 "Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин…Постановление · 11.03.2025 · № 126