# М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-февралындагы № 83 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-февралындагы № 83 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39554/edition/28920/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-февралындагы № 83 "Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө" токтому (03.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024110

---

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

18-сессиясы

2023-жылдын 03-февралындагы № 83

Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны жыл сайын төлөттүрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284“Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгынын негизинде Чолпон-Ата айыл аймагынан шайланган Биринчи Элдик курултайдын делегаты Алыбекова Салиманын “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы токтом кылат:

1. “Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде төлөнүүчү электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны системалуу түрдө жыл сайын төлөттүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровго сунуш кылынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.

5. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө киреn

Төрайым:

Р.Токтоназарова
