# Степное айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 16 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Степное айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 16 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78431/edition/28908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024096.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Степное айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 16 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому (02.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024096

---

СТЕПНОЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СТЕПНОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 2-ноябрындагы № 16

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Степное айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Степное, Сары-Коо, Кара-Суу айыл аймактарын, Калинин айылынын Токой чарбасын жана МТФ участкасын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Степное, Сары-Коо, Кара-Суу айыл аймактарын бириктирүүгө депутаттардын сунушу “Сары-Коо айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.

3. Степное, Сары-Коо, Кара-Суу айыл аймактарын бириктирүүдө айылдардын аталыштары өзгөрүүсүз калсын.

4. Степное, Сары-Коо, Кара-Суу айыл аймактарын, Калинин айылынын Токой чарбасын жана МТФ участкасы бириккенден кийин административдик борбору катары “Эриктүү” айылы бекитилсин.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Степное айыл өкмөтүнүнү имаратындагы стендге жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Степное айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Манаповга жүктөлсүн.

Степное айылдык кеңешинин төрагасы

М.С. Полуляшная
