# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5503/edition/28891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (11.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 11-марты № 52

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230024045/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Ыйгарым укуктуу органдын Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кызматтык автоунааны пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин жобосу менен аныкталат. Жогорку Кеңештин депутаты өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу жеке менчик автоунаасын да пайдалана алат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230024045/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө ирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2025-жылдын 6-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
