# Петровка айылдык кенешинин 2024-жылдын 15-январындагы № 134-1 "2023- жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджети бекитилиши" жөнүндөгу токтому

- Толук аталышы: Петровка айылдык кенешинин 2024-жылдын 15-январындагы № 134-1 "2023- жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджети бекитилиши" жөнүндөгу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134-1
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39488/edition/28839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Петровка айылдык кенешинин 2024-жылдын 15-январындагы № 134-1 "2023- жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджети бекитилиши" жөнүндөгу токтому (15.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024039

---

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXVII сессиясы

2024-жылдын 15-январындагы № 134-1 2023- жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджети бекитилиши

2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылдын бюджетин угуп жана талкуулап Петровка айылдык кенеши:

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. 2024-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана кирешелер жана чыгашалар боюнча атайын эсеп тактоо менен бекитилсин

2. Петровка айыл окмотүнүн 2024 жылга 21148,1 м.с. берилген киреше бюджети бекитилсин:

-салык агенти тарабынан төлөөчү киреше салыгы -10097,0 -ыктыярдуу патенттинн негизинде салык -1395,0 -турак эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы -579,0 -унаа ээсинен каражаттык салык -1770,0 -унаа ээсинен каражаттык салык -юридикалык -112,0 -үй жанындагы участоктордон алынуучу жер салыгы -380,0 -айыл чарба эмес багыттындагы жерлер салык -1570,0 -башка жер астындагы суулар үчүн -30,0 -жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым -115,6 -айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижаралоо -5084,4 -жайларды жана курулмаларды ижаралоо -5,0 -таштандыларды чыгаруу -5,0 -алкоголдук продукцияларды өндүрүү -5,0 жалпысынан: 21148,1

3. 2024- жылындагы бюджеттин чыгаша бөлүгү бюджеттик классификациянын негизинде төмөнкү мекемелерге бекитилсин:

м.сом. %

Айыл өкмөтүнүн аппаратына -11565,1 54,6% Билим берүү -5810,5 27,5% Жарандык коргоо -20,0 0,1% Турак жай коммуналдык чарбасы -846,9 4,0% Маданият -1082,9 5,1% Социалдык камсыздоо -1045,6 5,0% а/кенеш -700,0 3,3% ОПП -77,1 0,36% Жалпы : 21148,1

4. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн башка максаттарга пайдалангандыгы үчүн меекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартылуулары жөнүндө белгилесин.

5. Жергиликтүү бюджеттин каржылоо бөлүгү иш жүзүндө түшкөн кирешенин чегинде жүргүзүлүшү менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелерге чегерилет (эмгек акы.коммуналдык кызматтар) деп белгиленсин.

6. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерди атайын эсеп үчүн смета түзүү боюнча милдеттендирилсин.

7. Эки жумалык мөөнөттө бюджеттик мекемелердин жетекчилери жекече баа берүү үчүн, ошондой эле каржылык тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды кабыл алууга милдеттендирилсин.

8. Петровка айыл окмотүнүн 2024- жылдык бюджетин -киреше бөлүмү 25975,0 м.сом, 2024 –жылдык киреше бүлүмү 21148.1 м.сом жана чыгаша бөлүмү -21148.1 м.сом бекитилсин.

Киреше планы 2025 год 24444.6т.с.

2026 год 26133,6т.с

9. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде 11-беренеге ылайык жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жалпы үлүштүн 1/3 бөлүгү айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилет.

10. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 3-главасынын 151 жана 155-статьяларына ылайык үстөк акылар белгиленсин.

Төрага

У.Абылдаев
