Орозбеков айылдык кенешинин «Айыл аймагында турак жайлар үчүн мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 20 Айыл аймагында турак жайлар үчүн мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-берене 14-пунктуна, Салык кодексинин 379-380-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагында 2025-2027-жылдарга турак жайлар үчүн мүлк салыгынын өлчөмдөрүн эсептөөдө Салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгынын турак үйлөргө салыгын эсептөөдө 5-жылга чейин бир чарчы метрине 7(жети) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Турак жайлар үчүн мүлк салыгын жыйноодо бекитилген өлчөмдөрдүн негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жана Бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
К.Каримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.