# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 195 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 195 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39464/edition/28805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 195 "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024008

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ) 2023-жылдын 27-декабры №195 “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо боюнча комиссиянын 2023-жылдын 10-октябрындагы протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 20-октябрындагы №40 жана 24-октябрындагы №41 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2023-жылдын 27-декабрындагы №2 протоколун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:

- Абдуллаев Данияр Амановичке;

- Шарипова Салима Канатбековнага;

- Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке;

- Ражапов Ильяс Зундуевичке;

- Боронов Мурат Самидиновичке;

- Акматалиев Абдылдажан Амантуровичке.

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
