Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ) 2023-жылдын 27-декабры №195 “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо боюнча комиссиянын 2023-жылдын 10-октябрындагы протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 20-октябрындагы №40 жана 24-октябрындагы №41 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2023-жылдын 27-декабрындагы №2 протоколун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
- Абдуллаев Данияр Амановичке;
- Шарипова Салима Канатбековнага;
- Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке;
- Ражапов Ильяс Зундуевичке;
- Боронов Мурат Самидиновичке;
- Акматалиев Абдылдажан Амантуровичке.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы № 203 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобонун жаѕы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтому "Постановление · 15.02.2007 · № 203