# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 330
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230024001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10854/edition/28803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230024001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230024001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 22-ноябры ПЖ № 330 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:

- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:

4-пунктта: биринчи абзац "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында)" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары - бөлүмдүн башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктагы борбордун курамында)" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацта "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында) башчысынын орун басары - кызматтын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары (башкармалыктын курамында)" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 92 (3647) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
