# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 157-р
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19494/edition/28756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 157-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (12.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023951

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 12-марты № 157-т

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы айрым өткөрүү пункттарынын иштешин кайрадан улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол"," деген сөздөр алып салынсын;

- 1-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пункттарынын иштеши кайрадан улантылгандыгы тууралуу кабарласын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
