# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 183 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 102 токтомуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 183 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 102 токтомуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39445/edition/28754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 183 "Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 102 токтомуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023950

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ) 2023-жылдын 27-декабры №183 Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №102 токтомуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10, 35-беренелеринин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакир уулу Шахназардын Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №102 токтомуна карата Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 14-декабрындагы №49 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы “Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы “Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесинин жаңы редакциядагы долбоорун бекитүү жөнүндөгү” №248 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №102 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) 6 айлык мөөнөттүн ичинде Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежесин өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жаңы редакцияда иштеп чыгып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы

С.С.Назылбеков
