# 4-берене

- Документ: [Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-марты № 56 "Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5499/edition/28695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023915/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 87-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттардын, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин, же баңги каражаттарын же психотроптук заттарды же болбосо алардын прекурсорлорун камтыган алардын бөлүктөрүнүн, ошондой эле узакка сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу буюмдарга зарыл изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин, аларды технологиялык кайра иштетүү үчүн өткөрүп берилет же соттун чечими боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат, бул жөнүндө ушул Кодекстин 170-беренесинин талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Иштин материалдарына салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган күчтүү таасир этүүчү заттар, баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору, ошондой эле аларды камтыган тирүү организимдердин бөлүктөрүнүн үлгүсү тиркелет;".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-5)
