Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 14.03.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 282-берененин эскертүүсүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул беренеде, ошондой эле 283, 284 жана 288-беренелерде каралган кылмышты жасаган, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди өз ыктыяры менен тапшырган жана баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштардын ачылышына же бөгөт коюлушуна, аларды жасаган адамдардын кылмыш иштеринин ачылышына же кылмыш жолу менен олжолонгон мүлктүн табылышына активдүү көмөк көрсөткөн адам ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.";
2) 285-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "прекурсорлорду" деген сөздөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 287-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "287-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү, ошого тете эле аларды колдонууга ачык чакыруу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жарнама кылуу";
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "колдонууга көндүрүү" деген сөздөр ", алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү, ага тете аларды колдонууга ачык чакыруу жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды жарнама кылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 288-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "288-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдерди мыйзамсыз жүгүртүү";
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди ири өлчөмдө же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз иштеп чыгуу жана өстүрүү, -";
в) эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдердин тизмелери жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
5) 291-беренеде:
а) аталышында "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөр "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) биринчи абзацта "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөр "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же күчтүү таасир этүүчү заттарды камтыган, рецепт менен берилүүчү дары каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) экинчи абзацта "500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин" деген сөздөр "1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 292-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "каражаттары" деген сөздөн кийин ", алардын аналогдору жана прекурсорлору" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 37-глава төмөнкүдөй мазмундагы 292-1-берене менен толукталсын:
"292-1-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз жүгүртүү
1. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттардын же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатуу максатын көздөбөстөн ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо алты айдан бир жылга чейин эркиндигин чектөө менен, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Күчтүү таасир этүүчү заттар деп баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
8) 293-берененин аталышында "мыйзамсыз жүгүртүү" деген сөздөр "мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 312-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "баңги каражаттарды" деген сөздөр "күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 14.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023915/st-3" title="3-берене - Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>