# 2-берене

- Документ: [Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-марты № 56 "Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5499/edition/28695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023915/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 97-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"97-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдерди жок кылуу боюнча чараларды көрбөө же аларды мыйзамсыз иштеп чыгуу жана көп эмес өлчөмдө өстүрүү Бир же бир нече баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган жапайы өскөн (жашаган) тирүү организмдерди жок кылуу боюнча чараларды көрбөө же аларды мыйзамсыз иштеп чыгуу жана көп эмес өлчөмдө өстүрүү - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун камтыган тирүү организмдердин тизмелери жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

2) 98-беренеде:

а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "98-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин бузуу";

б) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "прекурсорлорун" деген сөздөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 99-беренеде:

а) аталышы "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;

б) биринчи абзац "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 100-беренеде:

а) аталышы "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;

б) биринчи абзац "аларга окшош түрлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 101-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 14-глава төмөнкүдөй мазмундагы 101-1-берене менен толукталсын:

"101-1-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү көп эмес өлчөмдө сатуу максатын көздөбөстөн жасалса - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет. Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар күчтүү таасир этүүчү заттар деп түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".

7) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "96," деген цифралардан кийин "101-1." деген цифралар менен толукталсын;

8) 456-берене "101," деген цифралардан кийин "101-1." деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915/st-3)
