# Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 9/I-29 "Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 9/I-29 "Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/I-29
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39386/edition/28609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 9/I-29 "Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (19.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023850

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 19-декабры №9/I-29 Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 33-беренесинин 1-пунктуна ылайык «Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

1. Нурманбет айылдык кеңешинин иш регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн; -ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ɵзүмɵ калтырам.

Төрага

Н.С.Бекбоева
