Айдаркен шаардык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер Мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун 18-пунктуна 2023-жылдын 29-мартындагы №174 токтомунун негизиндеги толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизген редакциясына ылайык мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу үчүн жерлердин түрүнө жараша өлчөмүн аныктоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Айдаркен шаардык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 21-февралы №6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер Мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун 18-пунктуна 2023-жылдын 29-мартындагы №174 токтомунун негизиндеги толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизген редакциясына ылайык мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу үчүн жерлердин түрүнө жараша өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер Мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун 18-пунктуна 2023-жылдын 29-мартындагы №174 токтомунун негизиндеги толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизген редакциясына ылайык аталган Жобонун негизиндеги жер аянттарынын жайгашкан ордун, түрү боюнча категорияларын карап чыгып, сессияга сунуштаган адистердин ой-пикирлерин, сунуштарын угуп көрүп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезектеги 5-сессиянын №5-протоколунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарындагы жана Айдаркен шаарынын айылдарындагы мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу максатында жер мунапысынын субъектисине мамлекеттик фонддун жерлеринен жайында такталып, аныкталган жер тилкелеринин аянты шаар ичинде 0,12 га чейин, айыл жергелеринде 0,15 га чейин бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Айдаркен шаарынын мэри Б.Т. Бегалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы “Ѳнѳр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага
А.А.Алтымышова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.