торт-Гул айылдык кенешинин «Таштанды салыгын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2025-жылы 20-февралы №15 Таштанды салыгын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 74 жана 75-беренелерине ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-февралындагы № 024/25/03-6/90 сандуу катын угуп талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир жашоочуларга жана мекеме ишканаларга таштанды салыгынын өлчөмүн жылына төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:
-Ар бир мекеме ишканалар (менчигине карабай) жылына 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин. -Айыл аймагындагы ар бир жарандарыбыз 5 (беш) сом өлчөмүндө төлөөгө милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Төрт-Гүл айылдык кенешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын ресстрине каттоо жагы айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш маселелри боюнча туруктуу комиссиясына жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевге тапшырылсын.
Айылдык Кенешинин торагасы:
А.Суранчиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.