# Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 47/VIII "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 47/VIII "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47/VIII
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39325/edition/28492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 47/VIII "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө" токтому (28.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023777

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 28-августу №47/VIII Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө

Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Р.К.Абакировдун маалыматын карап чыгып, талкуулап, 1- Май көчөсүнө асфальт-бетон төшөө үчүн дем берүүчү грантты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине арыз берип, айыл тургундарынын жолдорун жакшыртуу үчүн, ошондой эле жолдун абалы жаандан кийин авариялык абал жаралып, азыркы учурда өтө начар абалда болгондуктан, айыл тургундарынын арызынын негизинде, бүгүнкү күндө 2025-жылга кабыл алынган долбоорлордун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген «Долбоорлорду үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен тандоо жана каржылоо жөнүндө» жобого, «Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө» нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

1.2025-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоо үчүн сынакка Биринчи Май көчөсүндөгү асфальт-бетон жабдыктарына сунушталган артыкчылыктуу долбоорлор аныкталсын:

- Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка айылынын 1-Май көчөсүндөгү асфальт-бетон төшөлмөлөрүндө.

2. 2025-жылдын бюджетинде Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1-Май көчөсүндөгү асфальт-бетонду жабууга долбоорлорду каржылоо түрүндө 11 942 342 (он бир миллион тогуз жүз кырк эки миң үч жүз кырк эки) сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен: 6 942 342 (алты миллион тогуз жүз кырк эки миң үч жүз кырк эки) сом, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен 5 000 000,0 (беш миллион) сом бекитилсин.

3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн; -ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

Төрага

Н.С.Бекбоева
