# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39296/edition/28434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (06.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023717

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 6-марты № 119

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо тартибин аныктоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарда:

- 4-пункт "кызмат ордуна" деген сөздөрдөн кийин "(маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчисинин кызмат ордун кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Маданият жана искусство багыттары/адистиктери боюнча даярдоого адистешкен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

- жогорку кесиптик билим;

- окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын (илимдин кандидаты/PhD доктору, доцент) же маданият жана искусство жаатындагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушу;

- "улуттук" деген статусу бар ЖОЖдун жетекчиси үчүн илимдин доктору окумуштуулук даражасынын же маданият жана искусство жаатындагы Кыргыз Республикасынын ардак наамынын болушу;

- 5 жылдан кем эмес илимий же педагогикалык иш стажы.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
