Нурманбет айылдык кеңешинин «Дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорду ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №39/VIII Дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорду ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевдин «Красноречка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №31/VII токтомуна ылайык Красная Речка айылынын көчөлөрүн асфальттоо долбоорун ишке ашырууга өз салымын бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Дем берүүчү грантты ишке ашыруу максатында Панфилова – Школьная – Ворошилова кɵчɵлɵрүн асфальтоо үчүн 70629 - бɵлүмүнүн 3111 – беренесинен – 3 704 848,5. сом акча каражаты бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.А. Уметалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Красная Речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 31/VII "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өз салымын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.11.2023 · № 31/VII