# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023689>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39285/edition/28415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023689.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023689

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-марты № 113 Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын деңиз кемечилиги чөйрөсүндө эл аралык катышуусун чыңдоо, өлкөнүн эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынышы) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;

2) тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун киргизсин.

5. Улуттук оператор (макулдашуу боюнча) мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, анын ичинде каттоо жыйымдарын, сертификаттарды же башка документтерди берүү үчүн төлөмдөрдү белгилесин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 07-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти; бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).
