Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-марты № 113 Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын деңиз кемечилиги чөйрөсүндө эл аралык катышуусун чыңдоо, өлкөнүн эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынышы) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;
2) тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун киргизсин.
5. Улуттук оператор (макулдашуу боюнча) мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, анын ичинде каттоо жыйымдарын, сертификаттарды же башка документтерди берүү үчүн төлөмдөрдү белгилесин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 07-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти; бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынышы) тууралууЗакон · 30.01.2024 · № 29