# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/18
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023678>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39276/edition/28400/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2025-жылынын 20-февралындагы №01-5/18 “Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому (20.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023678

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 20-февралы №01-5/18

Турак имараттарына жана жайга мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык «турак жай имараттары жана жайлары үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилүүчү ставкаларга ылайык» 1 квадрат метр үчүн 100сомдон ашпоого тийиш болгон өлчөмдө бекитип берүүнү сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:

1. «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарында турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасы 10(он) сом суммада белгиленип бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Н.А. Абдуразаков
