# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № ХХIХ/26-90 “Чолок айылынын, калктуу конуштардын башкы пландарын өңдоп түзөө эс алууга коммерчиялык максатта” токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № ХХIХ/26-90 “Чолок айылынын, калктуу конуштардын башкы пландарын өңдоп түзөө эс алууга коммерчиялык максатта” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: ХХIХ/26-9
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39213/edition/28319/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № ХХIХ/26-90 “Чолок айылынын, калктуу конуштардын башкы пландарын өңдоп түзөө эс алууга коммерчиялык максатта” токтому (22.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023587

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-декабрындагы № ХХIХ/26-90

“Чолок айылынын, калктуу конуштардын башкы пландарын өңдоп түзөө эс алууга коммерчиялык максатта” Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер адисин угуп Чолок айылында жайгашкан “Каттама” коомдук тамактануу жайын көчүрү боюнча, себеби каттама курулуштар МИ УК “Кыргыз Темир Жолунун” менчиги жана адамдардын, поезддердин кыймыл коопзуздугуна коркунуч келтиргенинен көчүрүүго зарылдыгын талкуулап. Чолок айылынын Кемин шаары тарабынан кире бериш сол тарабынан жайыт жеринен аянты 0,60 га коммерциялык багытта калктуу конушунун башкы планына оңдоп түзөө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-пунктунун 4-пунктун б.18, 1-пункт, б. 76, б. 81 жетекчиликке алуу менен;

Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин архитектурасынан Кемин шаарынан Чолок айылына кире бериште сол тарабынан жайыт жеринен аянты 0,60 га коммерциялык максатта эс алуу үчүн айылдын башкы планына түзөтүүлөрдү киргизүүнү суранабыз.

2. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин Жайыт комитетинин төрагасы Кемин архитектурасынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайыттардан берүү үчүн жер участогуна керектүү бардык документтерди алат.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.

Төрага

Э.М. Кочоров
