# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023582>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10845/edition/28311/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023582.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023582

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 28-февралы ПЖ № 71

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрыңдагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Жарлыктын 1-пунктунун колдонулушу атайын эсептерде топтолгон каражаттардын, ошондой эле кызматкерлердин санынын жана жумуш убактысынын ченемдеринин чегинде жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү болгон учурда муниципалдык заказды аткарууга бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен өзүн-өзү каржылоо жана чарбалык эсептешүү принциптеринин негизинде иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдарга, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга жайылтылбайт деп;

2) айрым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чектүү штаттык саны, ошондой эле кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысы өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө чечиминин негизинде көбөйтүлүшү мүмкүн деп.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
