# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 "Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 "Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39177/edition/28220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 "Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (01.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023537

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1-марты № 103

Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды ишке ашыруу механизмин өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктура объекттерин түзүүгө жана реконструкциялоого багытталган чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 33-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 862 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
