# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39178/edition/28221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтому (03.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023535

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 3-марты № 105

Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө

"Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби 2-тиркемеге ылайык;

3) Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-августундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
