# Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39150/edition/28185/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 24-февралындагы №35 "Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө" токтому (24.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023503

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жылдын 24-февралы № 35 Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында административдик-аймактык реформаны кайра кароо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн протоколдук тапшырмасынын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 6-февралындагы №01-25/187 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №165 Мыйзамына ылайык, административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу кайра кароонун зарылчылыгы жок экендиги белгиленсин.

2. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К. Шакиров
