# 23-берене. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 7-мартындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023496/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5495/edition/28180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023496/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 23-берене (07.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023496/st-23

---

1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо мөөнөтү он беш календардык күндөн кем эмес убакытты түзөт.

2. Коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда, коомдук талкуулоонун мөөнөтү он календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.

3. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат.";

10) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда, анын натыйжалары жөнүндө маалымат.";

11) 27-берененин 2-бөлүгүндө:

а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун - Президенттин Администрациясы;";

б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды - ченем жаратуучу ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.";

12) 28-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 29-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 30-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

15) төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:

"311-берене. Жаңы коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу

1. Жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында Президент бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.

2. Убактылуу укуктук жөнгө салуу оң жагынан ишке ашырылганда ченем жаратуучу субъекттер тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынышы мүмкүн. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоонун жана аларды жылдыруунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.";

16) 331-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "ченемдик укуктук актыны кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу орган (кызмат адамы)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023496/st-2)
