1-берене
Күчүндө · 07.03.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзац "эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон" деген сөздөрдөн кийин ", түздөн-түз колдонулуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) жетинчи абзац "Конституцияда" деген сөздөн кийин мыйзамдарда" деген сөз менен толукталсын;
в) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому - кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан кабыл алынуучу, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук акт;";
г) он биринчи абзацта "жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу" деген сөздөр ", тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-беренеде:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинети;";
б) расмий тилдеги алтынчы абзацта "избирательная" деген сөз алып салынсын;
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- сегизинчи абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык, ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;";
б) 3-бөлүктө ", ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 10-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Министрлер Кабинети жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин планын иштеп чыгат жана бекитет.
2. Мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик жана улуттук программалар, стратегиялар, концепциялар, Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, Элдик Курултайдын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары эске алынат.
3. Ченемдик укуктук актылар мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан тышкары даярдалышы мүмкүн.";
6) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш. Жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт: ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда; колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо.";
7) 20-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 21-беренеде "Өкмөткө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 22 жана 23-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Коомдук талкуулоону уюштуруу
1. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине түздөн-түз тиешеси бар, коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну киргизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
Коомдук талкуулоо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары - Бирдиктүү портал) долбоорду, ага карата маалымкат-негиздемени жана салыштырма таблицаны (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр же жаңы редакция киргизилген учурда) жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого коюлат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталга кошумча жайгаштырылышы мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталган көрүнүктүү болгон атайын жерлерде жана булактарда жайгаштырылышы мүмкүн. Келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырган субъект тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Ченемдик укуктук актынын долбооруна аларды киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде чагылдырылат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштыруу жана коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:
Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу; редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган; коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу; убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган; Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү; ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган.
3. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырган субъекттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 07.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023496/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>