# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 128-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 128-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 128-р
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19481/edition/28172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 128-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (11.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023489

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-августундагы № 686-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 3-марты № 128-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 2025-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 22, 27-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 23-пунктта "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
