# Бирдик айылдык кенешинин 2023-жылдын 6-декабры № 77/XXVI-28 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бирдик айылдык кенешинин 2023-жылдын 6-декабры № 77/XXVI-28 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77/XXVI-28
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-39092/edition/28086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бирдик айылдык кенешинин 2023-жылдын 6-декабры № 77/XXVI-28 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому (06.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023413

---

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 6-декабры № 77/XXVI-28

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө

Бирдик айыл өкмөтүнүн убактылуу каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кыдырманованын маалыматын “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирдик айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖОБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелишине ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирдик айылдык кенеши жана Бирдик айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР ЖОБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2.Бирдик айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3.Бирдик айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3,7 пунктуна ылайык 2024-жылга айыл аймактын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 3 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксаат берилсин.

4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бирдик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирдик айылдык кеңештин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

Бирдик айылдык

кенештин төрагасы

Ч.Миншанло
