Бирдик айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-декабры № 77/XXVI-28
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө
Бирдик айыл өкмөтүнүн убактылуу каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кыдырманованын маалыматын “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирдик айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖОБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелишине ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирдик айылдык кенеши жана Бирдик айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КР ЖОБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2.Бирдик айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
3.Бирдик айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3,7 пунктуна ылайык 2024-жылга айыл аймактын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 3 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксаат берилсин.
4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бирдик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирдик айылдык кеңештин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Бирдик айылдык
кенештин төрагасы
Ч.Миншанло
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Күчүн жоготкон