Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Айыл чарбасын каржылоо - 12» долбоорун бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 26-январы № 22-т
2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, бюджеттин бекитилген параметрлеринин деңгээлине таасир көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөрө тургандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоору (мындан ары - долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча уставдык капиталды көбөйтүү, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, 7000000000,0 (жети миллиард) сомдон кем эмес суммада кийинки долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында "РСК Банк" жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомдоруна ар бирине 150000000,0 (бир жүз элүү миллион) сомдон бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
3) 2024-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын, ошондой эле долбоорду кийинки жылдары (экинчи транш) каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын режим (банктык түз көзөмөл, убактылуу администрациялоо) киргизилген коммерциялык банктар долбоорду ишке ашырууга катыша албайт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) менен биргеликте долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана натыйжаларын 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берсин.
5. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга долбоорду ишке ашырууга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредиттерди берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
"Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоору
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоорунун (мындан ары - долбоор) максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына (мындан ары - чарба субъекттери) мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 24 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджети жана коммерциялык банктардын каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, "Айыл Банк" ачык акционердик коому, "РСК Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - коммерциялык банктар).
6. Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансылык каражаттары мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн чарба субъекттерине жеңилдетилген пайыздык ставкалар, анын ичинде банк ишинин ислам принциптерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык каржылоо берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кредиттерди жайгаштыруу жана каржылоо үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын уставдык капиталын, анын ичинде аларды ислам принциптерине ылайык, 2023-жылдын 10 айы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарына ылайык айыл чарбасы үчүн орточо өлчөнгөн пайыздык ставканын айырмасына эквиваленттүү өлчөмдө жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча жана долбоор менен белгиленген пайыздык ставканы капиталдаштырууну камсыз кылат.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2024-жылы коммерциялык банктарды 300000000,0 (үч жүз миллион) сомго капиталдаштырат. Капиталдаштыруунун кийинки суммалары ушул долбоордун шарттарына ылайык эсептелет.
9. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар 2024-жылы кредиттерди берүүнү жана каржылоону, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, 7000000000,0 (жети миллиард) сомдон кем эмес суммада жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча камсыз кылууга тийиш.
10. Кредиттерди жана каржылоону, анын ичинде ислам принциптерине ылайык берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана коммерциялык банктардын ички ченемдерине ылайык аныкталат.
11. Берилген кредиттерди жана каржылоону, анын ичинде ислам принциптерине ылайык берилген кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар өзүнө алат, карыз алуучулар алардын ички жол-жоболоруна ылайык тандалат.
12. Коммерциялык банктар ушул долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдиги алдында чарба субъекттерине кредит берүүгө жана каржылоого укуктуу.
13. Коммерциялык банктар долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
14. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда карыз алуучуларга кредит берүүгө же каржылоого, анын ичинде аларды ислам принциптерине ылайык милдеттүү:
№
Максаттуу тармак
Акыркы пайыздык ставка
Кредиттин мөөнөтү
Жеңилдетилген мезгил
Берилүүчү кредиттин өлчөмү
1
Мал чарбачылыгы Өсүмдүк өстүрүү
Жылына 12 пайыз
24 айдан көп эмес
Негизги сумма боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн 3 айга чейин толук бошотуу
1) 150000 (жүз элүү миң) сомго чейин кошуп эсептөө менен, күрөөсүз негизде каржылоо;
2) 500000 (беш жүз миң) сомго чейин кошуп эсептөө менен күрөөнүн негизинде каржылоо
2
Төмөнкүлөр менен иштеген субъекттер үчүн:
- сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, тосмо жана тамчылатып сугаруу суу резервуарларын куруу);
- күнөскана чарбалары
Жылына 12 пайыз
24 айдан көп эмес
Кредиттер боюнча негизги сумма боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн 3 айга чейин толук бошотуу
1) 500000 (беш жүз миң) сомго чейин кошуп эсептөө менен күрөөнүн негизинде каржылоо
15. Коммерциялык банктарга өз чыгымдарынын эсебинен долбоордо көрсөтүлгөндөн бир топ узак жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.
16. Ошондой эле кредит берүүдө артыкчылыктуу багыттар болуп асыл тукум заводу, асыл тукум фермасы, үрөн чарбасы статусу белгиленген тартипте ыйгарылган чарба субъекттери саналат.
17. Потенциалдуу карыз алуучуларда күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда алар "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна кепилдик алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2-глава. "Мал чарбачылыгы" категориясындагы чарба субъекттери үчүн кошумча шарттар
18. Бул категория үчүн багытталган каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 80,0 пайызынан ашпоого тийиш.
19. Бул категорияга төмөнкүлөр менен иштеген чарба субъекттери кирет:
1) бодо мал өстүрүү;
2) кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
3) канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.
20. Кредиттердин максаттары мал чарбачылыгын түзүү, өнүктүрүү, кеңейтүү, жүргүзүү, анын ичинде малды кармоонун шарттарын, базаларын жакшыртуу менен байланыштуу болууга тийиш.
21. Бул категориядагы чарба субъекттеринин айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттары, анын ичинде кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттар болушу керек.
22. Коммерциялык банктар ушул долбоордун алкагында зарыл болгон учурда чарба субъекттери берген маалыматтардын аныктыгын тактоо үчүн кошуналарынан жана айылдаштарынан сурамжылоого укуктуу.
3-глава. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясындагы чарба субъекттери үчүн кошумча шарттар
23. Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 20,0 пайызынан кем болбоого тийиш.
24. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкүлөр кирет:
1) дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
2) буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
3) техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
4) жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
5) мөмө-жемиштерди өстүрүү;
6) пахта өсүмдүгүн өстүрүү;
7) питомниктин мөмө-жемиштерин өстүрүү;
8) тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
9) сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
10) күнөскана чарбасын жүргүзүү.
25. Кредиттердин максаттары өсүмдүк өстүрүү, өнүктүрүү, кеңейтүү, жүргүзүү, анын ичинде техникалык базаны жакшыртуу менен байланыштуу болууга тийиш.
26. Бул долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен иштеген чарба субъекттеринде милдеттүү тартипте жеке менчикте же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жерлер жана мындай жерлердин болушун ырастаган документ (мамлекеттик акт, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.) болууга тийиш.
27. Сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) киргизүү, күнөскана чарбасы менен иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларынын жабдууларын сатып алуу боюнча документтерди берүү керек.
4-глава. Долбоордун ишке ашырылышын баяндоо
28. Долбоорго катышып жаткан коммерциялык банктар ушул тескеме күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине капиталдаштыруунун суммасын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү, республиканын облустары боюнча бөлүү менен долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмө берүүгө тийиш.
29. Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык банктардын маалымат стенддеринде жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
30. Коммерциялык банктар долбоордун алкагында кийинки жылга капиталдаштырууну алуу үчүн ар жылдын 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн жыл үчүн кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен капиталдаштырууга өтүнмө берет.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерге ылайык капиталдаштыруунун суммасынын эсебин жүргүзөт жана тийиштүү жылга республикалык бюджеттин параметрлерине киргизет.
32. Капиталдаштыруунун суммалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү жыл аяктаганга чейин которулат.
33. Коммерциялык банктардын ишин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөйт.
34. Долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар жума сайын берилген кредиттер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турат.
35. Долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар тиешелүү макулдашууга кол коюлган күндөн тартып кредиттерди акыркы алуучулардын тизмелерин түзүүгө милдеттүү.
36. Коммерциялык банктар "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алган зайымчыларды кредиттөөгө укуктуу эмес.
37. Коммерциялык банктар мамлекеттик программалардын алкагында берилген мурда алынган жеңилдетилген кредиттик каражаттар боюнча зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укуктуу эмес.
5-глава. Капиталдаштырууну эсептөө
38. Капиталдаштырууну берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 10 айына карата маалыматына ылайык коммерциялык банктардын кредит берүүсүнүн ар айлык көлөмүнөн төмөнкүдөй эсептик коэффициенттер кабыл алынат:
1) эсептик коэффициент пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан жылдык 5,33 пайызды түзөт;'
2) 24 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн эсептик коэффициент 6,21 түзөт. Алардын ичинен капиталдаштыруунун бир бөлүгү - 2024-жылы 4,29 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 1,92 эсептик коэффициент боюнча которулат.
2024-жылы коммерциялык банктар тарабынан кредит берүүнүн белгиленген суммасына жетпей калган учурда капиталдаштыруунун которулган суммасынын айырмасы кийинки жылга эсептелет.
39. Капиталдаштыруунун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. 5,33 пайызды түзгөн эсептик коэффициент өзгөрүүсүз калат.
6-глава. Капиталдаштырууну которуу
40. Эсептик формулага ылайык аныкталган капиталдаштыруунун суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга эки транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - 300000000 (үч жүз миллион) сом, 2024-жылдын ичинде которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин которулат.
7-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
41. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатка ылайыксыз пайдалануу тобокелдиги бар.
42. Аталган тобокелдикти минималдаштыруу коммерциялык банктар тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
43. Кредиттик каражаттардын максатка ылайыксыз пайдалануу факты аныкталганда коммерциялык банктар тиешелүү акт түзүүгө, карыз алуучудан кредиттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу факты аныкталган учурда колдонуудагы пайыздык ставкалардын алкагында пайыздык ставканы белгилөөгө тийиш.
Пайыздык ставка кредит берилген күндөн тартып көбөйөт.
44. Коммерциялык банктар тарабынан капиталдаштыруунун суммасын негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредиттердин жана каржылоонун максаттуу пайдаланылышына, анын ичинде ислам принциптерине ылайык тандалма мониторинг жүргүзөт.
45. Долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар максатка ылайыксыз пайдаланылган учурда капиталдаштырылуучу кредиттик каражаттар боюнча карыздын калган суммасын карыз алуучудан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу, тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан андан ары капиталдаштыруу токтотулат.
46. Коммерциялык банктар фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмдерин пайдаланууга укуктуу.
Мында бир топтун мүчөлөрү бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү боло албайт.
47. Карыз алуучулар табигый катаклизмдерге байланыштуу кредиттерди кайтарбоо тобокелдиги келип чыккан учурда коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аны минималдаштыруу боюнча чараларды көрөт.
8-глава. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
48. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына коммерциялык банктар төмөнкүдөй мониторинг жүргүзөт:
1) карыз алуучулар кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкүдөй документтердин бирин тиркөө менен кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет берүүгө тийиш: эсеп-фактураларды, коштомо кагаздарды, чектерди, төлөгөндүгү тууралуу алынган квитанциянын дүмүрчөгүн, чарбалык китеп боюнча малдын болушу жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкатын;
2) карыз алуучудан отчётту алгандан кийинки 3 айдын ичинде коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчётту тариздөө менен жерине барып мониторинг жүргүзөт;
3) долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар кабыл алуунун электрондук кезектүүлүк системасына кредиттик каражаттарды алууга катталган кардарлардан өтүнмөлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
49. Карыз алуучулар коммерциялык банктарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкүдөй документтердин бирин берүүгө милдеттүү:
1) мал чарбасы тармагында жүгүртүү каражаттарына берилген кредиттердин максаттуу пайдаланылышын ырастоо үчүн:
- карыз алуучу катталган/жашаган жер боюнча тийиштүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги сатып алынган малды каттоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкаты;
2) өсүмдүк өстүрүү тармагында жүгүртүү каражаттарына берилген кредиттердин максаттуу пайдаланылышын ырастоо үчүн:
- төмөндө саналган документтердин бири: сатып алынган үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ) үчүн сатып алуу/сатуу келишими, же болбосо сатып алуу актылары, же болбосо эсеп-фактуралар, же болбосо акы төлөө жөнүндө коштомо кагаздар.
Өсүмдүк өстүрүү тармагында көрсөтүлгөн кызматтар ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү (агротехникалык иш-чараларга чыгымдар) адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн кызматтарды көрсөтүү боюнча келишим менен ырасталат.
50. Карыз алуучулар коммерциялык банктын талаптарына ылайык кредиттердин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу башка документтерди да берүүгө милдеттүү.
51. Төмөнкү учурларда:
1) кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда ажырым болсо, кредит берилген күнгө чейинки эки айдан эрте эмес таризделген дата менен жүйөлүү документтерди кабыл алууга жол берилет;
2) жеке жак статусуна ээ адамдардын ортосунда үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, КММди сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү, ошондой эле техниканын кызматтарды көрсөтүүсү боюнча бүтүмдөр жасалган учурда сатуучунун акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө тил катты милдеттүү тиркөө, тил катта паспорттун маалыматтарын, сатылган үрөндөрдүн же башка продукциянын/кызмат көрсөтүүнүн санын, сортторун көрсөтүү менен сатуу-сатып алуу контракты/келишими же кызмат көрсөтүүгө контракт/келишим актоочу документ болуп саналат;
3) алыскы айылдардын тургундары ыйгарым укуктуу адам аркылуу КММди биргелешип сатып алса, ар бир мындай кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто КММди биргелешип алгандыгы көрсөтүлөт жана автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
9-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
52. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар долбоорду ишке ашыруунун натыйжалары боюнча 2025-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдаланышы жөнүндө жалпыланган маалыматты берет (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин):
1) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
2) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында иштеп жаткан мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү субъекттеринин саны, алардын өндүрүшүнүн жана сатуусунун көлөмү;
3) экспорттун жалпы көлөмү;
4) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жабдууларды сатып алуу үчүн пайдаланылган финансылык каражаттардын саны, түрү жана суммасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 344 "2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2024 · № 344 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 16.01.2024 · № 15