# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2778-VII
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16279/edition/28019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023346

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун жана "Ынтымак" парламенттик фракциясынын 2025-жылдын 4-февралындагы № 251 чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Дж.Д.Нышанов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

2) М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

3) Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

4) Ч.А.Айдарбеков - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

5) Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

6) С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

7) Б.А.Калпаев - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

8) А.К.Малиев - "Элдик" депутаттык тобунан;

9) Д.А.Джумабеков - № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.

2. Зарылчылык болгондо Комиссия бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.

3. Комиссия 2025-жылдын 5-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.Сыдыгалиев
