Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын IV-кварталында аткарылган иштери тууралуу» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/11 Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024- жылдын IV-кварталында аткарылган иштери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024 жылдын IV -кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2024-жылдын IV-кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:
-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
-балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берип турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т.К. Кулжанов
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 20-беренесинин негизинде Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу 4-кварталга отчету
Өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча иштерди айыл өкмөтүндө социалдык суроолор боюнча комиссия жүргүзөт. Айыл өкмөтүнүн адистери, мектеп директорлору, социалдык өнүгүү башкармылыгынын адистери жана РИИБнин инспекторлору менен биргеликте тартипти бузган, сабакка катышпаган балдардын, жаштар арсында суициддерди, мектептин көзөмөлүндө турган ошондой эле укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу максатында окуучулардын үйлөрүнө рейд жүргүзүп турушат. Өспүрүмдөрдүн балдар жана жаштар арсында суициддерди, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча боюнча Нарзан айыл өкмөтүндө жана бардык мектептеринде иш пландары түзүлгөн. Нарзан айыл аймагынын стендинде “111 системасы” жөнүндө маалымат жайгашкан, Социалдык өнүгүү Министрлигинин ишеним телефону-111. Ошондой эле Нарзан айыл өкмөтүндө Өспүрүмдөрдүн арасында зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөгө атайын “Ишеним телефону” күнү-түнү (колл центр) 0554 555-777 иштейт, телефонго түшкөн чалуулар журналга катталат.
2024-жыл ичинде Нарзан айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна өспүрүмдөрдүн арасында зордук-зомблуктан, балдар жана жаштар арсында суициддерди жабыркаган өспүрүмдөрдөн арыз түшкөн эмес. 2024-жылда 7 эрте нике фактысы катталган, алардын ичинен 2 Нарзан айыл аймагынын тургундары, 5 факт башка райондордон келип азыркы учурда нарзан айыл аймагында убактылуу жашап жаткандар. Нарзан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрү иштери жүргүзүлүп акт түзүлүп, түшүнүк каттар алынган. Балдарга карата Зордук зомбулук боюнча балдар арасында Нарзан айыл аймагынын бардык мектептеринде 7-11 класстарга “Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык фонду тарабынан психологтун лексиялары өткөрүлдө. Оошондой эле күнүнгө Нарзан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Москва райондук ички иштер бөлөмөнөн балдарга карата зомбулук боюнча маалыматтар алынып турат. Нарзан айыл аймагында 7 мектеп жана 6 бала бакча бар, мектепте 9501 окуучу окуйт, бала бакчада 1192 бала тарбияланууда. Алардын ичинен 2024-жылы 21 тоголок жетим балдарга Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинен кыш мезгилине кийимге жардам катары ар бирине 10000 (он миң) сомдон 210000 миң сом бөлүнүп берилди. Мындан тышкары турмуштук оор кырдаалда калган балдарга дайым жардамдар көрсөтүлүп келет, 2024-жылы 20 балага 67000 (алтымыш жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон