# 4-берене

- Документ: [Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230023272/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5493/edition/27956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230023272/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230023272/st-4

---

"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 13-пунктунун "в" пунктчасында "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;

2) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;

3) 5-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Электрдик байланыш операторлору өздөрүнүн байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга (өткөрүүгө) түрткү берүү жана/же аларды рынокто илгерилетүү максатында персонификацияланган абоненттердин арасында кызыктыруучу лотереяларды өткөргөн учурларды кошпогондо, уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарында лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.";

4) 8-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 13-берененин 1-бөлүгүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;

6) 14-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;

7) 20-берененин 1-бөлүгүндө "Лицензия жана (же) уруксат албастан" деген сөздөр "Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272/st-5)
