4-берене
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 13-пунктунун "в" пунктчасында "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "лицензиянын негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
3) 5-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Электрдик байланыш операторлору өздөрүнүн байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга (өткөрүүгө) түрткү берүү жана/же аларды рынокто илгерилетүү максатында персонификацияланган абоненттердин арасында кызыктыруучу лотереяларды өткөргөн учурларды кошпогондо, уюлдук (мобилдик) байланыш тарамдарында лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.";
4) 8-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 13-берененин 1-бөлүгүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;
6) 14-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө "лицензия жана (же)" деген сөздөр алып салынсын;
7) 20-берененин 1-бөлүгүндө "Лицензия жана (же) уруксат албастан" деген сөздөр "Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Лотереялар жөнүндөЗакон · 10.05.2017 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230023272/st-4" title="4-берене - Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>